Бүгүн, 22-январда Чүй облусунун айрым айылдарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул туурасында “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Чоң-Таш, Чыгыш, Лебединовка, Жаңы-Жер, Сокулук, Калиновка, Шамшы, Прогресс, Маданият айылдарында электр жарыгы өчүрүлөт. Жарыкты өчүрүү электр чубалгыларын жана трансформаторлорду оңдоо иштерине байланыштуу.