Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев “Калкты социалдык коргоо системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койду.
Токтомго ылайык, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды жана улгайган адамдарды үйүнө барып тейлеген социалдык кызматкерлердин эмгек маянасы 3800 сомдон 6500 сомго көтөрүлдү. Бул туурасында өкмөттүн басма сөз кызматы 21-январда билдирди.
Маалымат катары айта кетсек, социалдык кызматкерлер ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды жана улгайган адамдарды жумасына эки жолу үйүнө барып тейлешет. Социалдык кызматкердин иш убактысы жумасына 40 сааттан ашпоого тийиш.
Бүгүнкү күндө республикада 689 социалдык кызматкер эмгектенет жана алар 9 миңге жакын жалгыз бой, улгайган жарандарды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын ар кандай жумуштарын аткарып беришет.
Бул токтомду иш жүзүнө ашыруу максатында 2014-жылдын бюджетинде 48,2 миллион сом каралган.