2014-жылы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге берилүүчү жөлөк пул үчүн 2 миллиард сомдон ашык каражат каралган. Былтыр 2013-жылы 1,9 миллиард сом бөлүнгөн. Бул туурасында кечээ, 21-январда вице-премьер-министр Камила Талиева билдирди.
Маалыматка караганда, 1990-жылдары жалпы калктын 1,3 пайызы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер болсо, бүгүнкү күнү ал көрсөткүч 2,7 пайызды түзөт.