Кыргызстандын тоолуу райондорунда 15-18-январга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу 15-январда ӨКМ кабарлады.
Маалыматка ылайык, бул күндөрү жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Кар көчкү жана кар күрткүсү түшүүсү мүмкүн болгон аймактар:
- Төө-Ашуу ашуусу,
- Ала-Бел ашуусу,
- Чычкан капчыгайы,
- Чапчыма ашуусу,
- Красная-Горка–Ак-Таш унаа жолунун 0-3 чакырымдары,
- Мырзаке–Кара-Кулжа–Алайкуу унаа жолунун 65-110 чакырымдары,
- Чоң-Ашуу ашуусу,
- Көк-Арт ашуусу.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочуларга унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертет. Ошондой эле алдын ала берилген маалыматтарга көңүл буруп, сактык эрежелерин так сактоону сунуштайт.