ЖКнын төрагасы: “Оор кылмыштарды кечирбөө боюнча мыйзам долбоору мага комитеттин чечими келсе эле кайра добушка коюлат”

Оор кылмыштарды кечирбөө боюнча мыйзам долбоору мага комитеттин чечими келсе кайрадан добушка коюлат. Муну ЖКнын 22-январдагы жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков билдирди. “Азырынча мага комитеттин чечими келе элек. Чечим келсе добушка коюлат”,- деди төрага.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңеште 15-январда "мамлекеттик чыккынчылык", "коррупция" жана "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айыпталган адамды кайсы убакыт болбосун, жоопко тартууга мүмкүнчүлүк бере турган мыйзам долбоорду депутаттар колдобой коюшкан. Бирок эртеси көпчүлүк депутаттар ордуна башка депутат добуш бергенин, мыйзам долбоорун кайра добушка коюуну айтып чыгышкан. 

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан