Азербайжанда чиновниктин
баласына таандык кымбат баалуу унаанын сүрөттөрү социалдык тармактарга
жайгаштырылып, массалык маалымат каражаттарында жана коомчулукта кызуу талкуу жараткан.
Азербайжандык
расмий сайттарынын бири 21-январда Баку шаардык прокуратуранын тергөөнү көзөмөлдөө
бөлүмүнүн басма сөз кызматына шилтеме берип, Рамиз Набиев өз эрки менен кызматтан
кеткенин билдирди.
Р.Набиев 2012-жылдын декабрынан тартып Баку шаардык прокуратуранын тергөөнү көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы болуп турган. Анын баласы Элвин Набизаде Фейсбуктагы баракчасына өзүнө
тиешелүү автоунаалардын сүрөттөрүн жарыялаган эле.