Франциянын президенти Франсуа Олланд жарандык никедеги аялы менен ажырашты

“Франциянын президенти Франсуа Олланд жарандык никедеги аялы Валери Триервейлер менен ажырашты” деп кечээ, 21-январда дүйнөлүк маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, Франсуа Олланд Валери Триервейлерди бардык президенттик резиденциялардан чыгып кетүүсүн жана Гаагада өтө турган Голландиянын падышасы менен жолугушууга катышпоосун суранды. “Учурда Валери Триервейлер Версалдагы өлкө башчысынын дачасында эс алып жатат. Ал жакында ооруканадан чыккан”,- деп ММКлар маалымат таратышкан.

Белгилей кетсек, түгөйлөр ажырашуу боюнча расмий арыздарды бере элек. Бирок президенттин жакын адамдарынын бири “Франсуа менен Валеринин ортосундагы мамилелер бүттү” деп айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан