"УКМКнын түштүктөгү бөлүмү мени жөн эле сүйлөшүү үчүн чакырыптыр" деп журналист Эрнис Кыязов социалдык тармактардагы баракчасына жазды. Анда “Айтчуну айтышты. Түшүнүштүк. Урган жок. Тепкен жок. Кайра жумушума жеткирип коюшту”, - деп жазылат.
Ошондой эле Ош ТВнын директору Эрнис Кыязов бул жолугушуунун темасын “Абайлап жүрсөңчү... Ай бала!..” деп атаган.
Эске сала кетсек, 14-январь күнү Эрнис Кыязов өзүнүн социалдык тармактардагы баракчасына УКМКнын түштүктөгү башкармалыгы чакырып жатканын жазган эле.