Улуттук банктын төрагасынын орун басары Бектур Алиев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин администрациясы 20-январда кабарлады.
Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койду.
Президенттин тескемесине ылайык, Медет Таиров Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.