Биз социалдык тармакта

Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду

"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасынын директору болуп Эркинбек Өмүркулов дайындалды. Буга чейин бул ишкананы Элдияр Токтогонов жетектеп келген. Бул тууралуу 21-январда мэрия билдирди.

Ошондой эле "Бишкекмончо" муниципалдык ишканасынын директору болуп Адылхан уулу Самат дайындалды. Ал буга чейин аталган ишкананын директорунун орун басары кызматын аркалап келген.

Тиешелүү буйруктарга Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан