Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин директору болуп Данияр Бапышов дайындалды. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Бүгүн, 21-январда курулуш министри Нурдан Орунтаев жаңы дайындалган директорду департаменттин эмгек жамаатына тааныштырып, кызматтык ишмердүүлүгүнө ийгилик каалады.
Данияр Бапышов билими боюнча архитектор жана информатик. Ал 2007-жылдан бери архитектура тармагында эмгектенип келет. Буга чейин аталган департаменттин директорунун орун басары кызматын аркалаган.
Министрлик маалымдагандай, буга чейин аталган кызматты Замира Кангелдиева аркалап келген жана ал жазган арызынын негизинде кызматтан бошотулган.