Чүй районунун акими Русланбек Тагаев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу 21-январда президенттин администрациясы тарабынан белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, тийиштүү документке президент Садыр Жапаров кол койгон.
Белгилей кетсек, Русланбек Тагаев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен өткөн жылдын декабрь айында УКМК тарабынан кармалган. Ал Чүй районунун акими болуп 2024-жылдын март айында дайындалган.