Кытайлыктар эми паспорту жок интернетке видео жүктөй албайт

Кытайда интернет хостингдерге кыска никтер менен эмес, өз атын жазып кирүү тууралуу чечим чыкты. Бул тууралуу маалымат Кытайдын радио жана телевидение боюнча мамлекеттик башкаруу органынын расмий сайтында жарык көргөн.

Белгилүү болгондой, өздүгүн тактаган документи жоктор Кытайдын аймагында иш алып барган интернет сайттарга видео жүктөй алышпайт. Кайсы бир сайтка видео жүктөөнү каалагандар паспортунун көчүрмөсүн ошол булактын администрациясына тапшырууга тийиш. Бул жаңы эреже коомго зыян келтире турган кордоо, зордуктоо мазмунундагы видеолордун тарап кетүүсүнүн алдын алат.

Видеохостингдер Кытайда кенен жайылган. Европалык басылмалардын маалыматына ылайык, өлкөдө интернетке видео жүктөөгө 428 миллион кишинин мүмкүнчүлүгү бар. Дүйнөдөгү эң ири видеохостинг YouTube Кытай Республикасынын аймагында тыюу салынган.  

Кошумчалай кетсек, бул чектөө Эл аралык тажрыйбада биринчи эмес. Мисалы, Иранда интернет клубдарга, интернет-кафелерге баргандар алгач паспортун көрсөтүп, анан атайын анкетага дарегин, телефон номерлерин калтырышат. 2013-жылы интернетке кирүү үчүн “паспорттук режим” Ирландияда да сунушталып, бирок жетиштүү колдоо тапкан эмес. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан