Аткаминерлерге кылмыш ишин козгоого башкы прокурордон башка эч кимге укук бербей турган мыйзам талкууланууда

Бүгүн, 22-январда парламент жыйынында депутат Исмаил Исаков демилгелеген айрым мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Ага ылайык, аткаминерлерге, депутаттарга кылмыш ишин башкы прокурордон башка эч ким козгой албайт. Маселе кызуу талаш жаратууда.

Депутат Курмантай Абдиев “башкы прокурор 4 айга чейин ооруп калышы мүмкүн. Мындайда ким кылмыш ишин козгойт? Биз анын орун басарына кылмыш ишин козгоо укугун бериш керек”,- деди. Буга демилгечи депутат Исаков каршы. Ал экс-депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовго башкы прокурордун орун басары кылмыш ишин козгогону туура эмес болгонун билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан