Турсунбай Бакир уулу: “Депутаттар №1-саясий адамдарбыз. Бизге кылмыш ишин башкы прокурор гана козгошу керек”    

Аткаминерлерге, депутаттарга кылмыш ишин козгоого башкы прокурордон башка эч кимге укук бербей турган мыйзам долбоорун депутат Турсунбай Бакир уулу колдойт. Муну ал парламенттин 22-январдагы жыйынында билдирди. “Биз демократиянын чордону катары көргөн АКШда чиновниктерге башкы прокурор гана кылмыш ишин козгой алат. Биз, депутаттар, парламенттик өлкөдө №1-саясий адамдарбыз. Кылмыш ишин башкы прокурор гана козгошу керек”,- деди Бакир уулу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан