Кыргызстанда жол куруу сапатынын кепилдик мөөнөтү мыйзам менен бекитилет
Жогорку Кеңеште автомобиль жолдорун куруу, реконструкциялоо жана оңдоо боюнча иштин сапатын жакшыртуу үчүн иштелип чыккан мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.Демилгечи депутат Каныбек Иманалиевдин айтымында, мыйзамда буга чейин түздөн-түз автомобиль жолдорун куруу, реконструкциялоо жана оңдоо жаатындагы кепилдик мөөнөттөрү каралган эмес. Ошондуктан кепилдик мөөнөттөрдү бекитүү зарылчылыгы келип чыкты. Мыйзам долбоору автомобиль жолдорун курууда жана оңдоодо коррупцияны азайтууга мүмкүндүк берет. Жаңы салынган жолго 2 жылдан кем эмес, оңдолгон жолго 1 жылдан кем эмес кепилдик мөөнөтү берилүүдө.