Кечээ, 21-январда Баткен районунун 5 айыл округдарынын Аялдар кеңешинин төрайымдары Ак-Сай айылындагы чек ара кызматкерлерине энелердин атынан жалпы суммасы 41 миң сомдук жардам жеткиришти. Иш-чара Баткен райондук Аялдар кеңешинин төрайымы Гүлүмкан Калыкованын демилгеси менен ишке ашырылган. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда обладминистрациянын басма сөз кызматы билдирди.
Кошумчалай кетсек, ушул эле күнү чек ара кызматкерлерине Кара-Булак айыл округунун тургундары тарабынан 87 миң сомдук, Ак-Сай айылынан 15 миң сомдук жардам көрсөтүлдү.