Парламентте бүгүн, 22-январда депутат Нарынбек Молдобаев Кыргызстанга кирип жаткан автоунааларды каттоо көйгөйүн айтып чыкты. “Кыргызстанга эмне үчүн эски унаалар толуп жатат? Өлкөгө кирген жаңы унааны каттоо үчүн 80 миң сом кетет. Минтсек бизге жаңы унаалар алып келинбейт. Бул депутаттардын гана эмес, карапайым элдин өтүнүчү. Мындай көрүнүш постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен бизде гана бар”,- дейт Молдобаев.