Биз социалдык тармакта

Интернетте депутат менен мурунку жубайынын видеосу тарады

Социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулайманов менен аны зомбулук көрсөтүүгө айыптаган мурунку жубайы Асел Азаматованын видеосу тарады.

Анда Азаматова Сулаймановго кол көтөрүп, анын унаасынын айнектерин да ургулаганын көрүүгө болот. Асел Азаматова буга чейин Сулаймановдун унаасынын айнектерин таарынычтан улам сындырып салганын айткан.

Буга чейин Асел Азаматова жолдошу тарабынан зомбулук көрүп келе жатканын билдирип, социалдык тармакта денесиндеги көгала тактары бар сүрөттөрүн жарыялаган. Милиция сотко чейинки териштирүү башталганын айтып, аялга коргоо ордерин берди.

Сулайманов аталган маалымат боюнча комментарий берип, коомчулуктан чындыкты толук билбей туруп жыйынтык чыгарбоону суранган.

Интернетте депутат менен мурунку жубайынын видеосу тарады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан