
Алайда агын сууга килем жууп жарнама кылган 29 жаштагы жаранга чара көрүлдү. Бул тууралуу Ош облустук милициясы билдирди.
Маалымдалгандай, социалдык тармактарда анын килемдерге краска төгүп, аны агын сууга жууп жарнамалаган видеосу тараган. Бул факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Аталган видео Алай рйонунун Сары-Ой жайлоосуна кетип бараткан жолдо тартылгандыгы аныкталган. Жаранга карата түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
"Текшерүүдө чогултулган материалдар мыйзамдуу чара көрүү үчүн Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош аймактык башкармалыгына жөнөтүлөт",- деп айтылат маалыматта.
Облустук милиция жарыялаган видеодо анын кечирим сураганын угууга болот.