Бүгүн, 22-январда журналисттер менен болгон
жолугушууда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек
Узакбаев
“Кыргызстандагы райондук ооруканаларда жаш балдардын кардиологу жокко
эсе”- деп билдирди.
Анын айтымында, бул багытта КРнын Саламаттыкты сактоо
министрлиги менен биргеликте адистерди тартуу боюнча долбоор иштелип чыккан. "Мындан
улам көпчүлүк учурда ата-энелер балдарынын улуттук деңгээлдеги бейтапканаларда
дарылануусун каалашат”,- деди Камчыбек Узакбаев.