Бүгүн,
22-январда журналисттер менен болгон жолугушууда Эне жана баланы коргоо улуттук
борборунун директору Камчыбек Узакбаев ооруканада бөйрөк алмаштыруу боюнча кезектеги операция
жасаларын маалымдады.
Анын айтымында, январь-февраль айларында бир нече адамга
операция жасоо пландалган.
“Бизде атайын бригада түзүлгөн. Беларустан дарыгерлерди
чакырдык. Борборубуздан дарыгерлерди окутуудан өткөрдүк. Кийин биздин адистер
өз алдынча операция жасап калышат”,- деди ал. Мындан сырткары борбор бөйрөк
алмаштыруу боюнча 7 операцияны ийгиликтүү өткөргөнүн кошумчалады.