Бишкекте бүгүн борбордук "Ала-Тоо" аянтында жарандык активисттер “Эркин Кыргызстан Бажы биримдигине каршы” аттуу көргөзмө-акциясын өткөрүштү. Акцияда товарлар көргөзмөгө коюлуп, Беларусь менен Орусияга бириккенге чейинки жана андан кийинки баалар салыштырылды.
Иш-чарага ЖКнын депутаттары Равшан Жээнбеков, Өмүрбек Абдрахманов, дыйкандар жана Кыргызстандын аталган биримдикке киришине каршы жарандар катышты.
ЖКнын депутаты Равшан Жээнбеков "ким кийим-кече, азык-түлүктүн баасы кымбаттасын десе, Бажы биримдигине кирүүнү колдосун" деген оюн билдирди. Мындан сырткары "биримдикке кирүү менен мигранттардын жашоосу жакшы жакка өзгөрөт" деген пикир чындыкка дал келбей турганын кошумчалады.
Ал эми акциянын уюштуруучусу Мирбек Асангариев:
"Бажы биримдигине кирүүгө каршы чыгуубуз аркылуу аталган биримдиктеги өлкөлөр менен мамилени бузууну көздөгөн жокпуз. Кыргыз элинин келечеги үчүн биримдикке кирүүнүн кереги жок. Азыркы учурда биздин балдар биринчилерден болуп каршы акцияларды уюштурууда. Балдар Ош шаарына да барып келишти. Көпчүлүк каршылыгын билдирип жатат. Айрым ММКлар туура эмес маалымат таратканын да көрүп жатабыз",- деди.