2013-жылдын ноябрь айында жеңесинен токмок жеген 2 жаштагы Мирана дагы деле ооруканадан чыга элек. Эсине келгени эле болбосо, абалы жакшы эмес. Дене табы көтөрүлүп, түшпөй жатат. Бул туурасында жабырлануучунун апасы Бактыгүл Таштанбекова бүгүн, 22-январда SUPER.RG порталына билдирди.
“Кызымдын абалы баягыдай эле. Эч өзгөрүүсүз. Учурда ооруканада жатабыз”,- деди Мирананын апасы.
Ошондой эле Бактыгүл айым төмөнкүлөргө токтолду.
“2013-жылдын декабрь айында Бишкектеги кафелердин биринде атайын “Миранага жардам” деп марафон уюштурулуп, анда 27 миң сом чогулуптур. Бирок мага анын 10 миң сомун гана беришти. Калганын көргөнүм жок. Сурасам, “сенде “Миранага бул дарылар керек” деген тизме жок экен. Биз накталай акчаны колго бере албайбыз. Көптөр чогулган акчаны балдарга жумшабай эле, өзүнө керектүү нерселерди алып алышат. Калган акчаны башка балага беребиз” деп айтышты. Чынында, мен кызыма кандай дарылар керек экендигин алдын ала айта албайм. Бир күнү башка укол алса, бир күнү дагы башка кымбат укол алат”,- дейт Бактыгүл Таштанбекова.
Эске салсак, 27-ноябрда Жалал-Абад облусунун 35 жаштагы тургуну Д. Гүлмира кайнисинин 1 жашар 8 айлык кызын сабап, наристе оор абалда ооруканага жаткырылган эле. Катуу соккудан анын мээси чайкалып, башынан ар кандай жаракаттарды алган.
Макаланы толугу менен бул жактан окуй аласыз...