Бүгүн, 22-январда, маалымат жыйынында дин боюнча эксперттердин тобу 8-февралда өтө турган Курултайга байланыштуу негизги талаптарды сунуштады.
“Дин, укук жана саясат” аналитикалык борборунун жетекчиси Кадыр Маликовдун айтымы боюнча, муфтийликке шайлоо ачык, сынак түрүндө өтүшү керек. Талапкердин шарият жаатында жогорку окуу жайды бүтүргөндүгүн аныктаган диплому болушу негизги шарттардын бири. Андан тышкары ал өзүнүн программасын алдын ала элге сунушташы керек жана сырткы күчтөрдүн таасиринен көз карандысыз болушу зарыл.
Тарыхий илимдеринин доктору Назира Курбанованын айтымында, 2010-2014-жылдардын аралыгында 5 муфтий алмашкан. “Кыргызстан мусулмандардын дин башкармалыгынын системинде терең реформаларды жүргүзүш керек. Андан соң аталган мекеменин жаңы уставын кабыл алуусун сунуштайбыз”,- деп кошумчалады Назира Курбанова.