Депутаттар мамлекеттик тендерлерди жоюуну сунушташууда

Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар мамлекеттик тендерлерди өткөрүүнү токтотуу керектигин сунуштоодо. Мамытбай Салымбеков: "Тендер өткөрүүнү жоюп, анын ордуна мамлекеттик сатып алуулардын электрондук үлгүсүн иштетүү керек",- дейт. Тендерди жоюу сунушун депутат Кожобек Рыспаев да колдоду.

Депутат Абдрахман Маматалиев "азыр чиновниктер бир тууганына же аялына эмес, компанияларын алыс туугандарына каттатып калган. Мисалы, таякесине, жээнине кататат. Бул мыйзам кабыл алынганы менен, баары бир иштебейт",- деди.  

Айта кетсек, жыйында аткаминерлердин жана алардын бир туугандарынын компанияларын мамлекеттик тендерлерге катыштырбай турган мыйзам долбоору сунушталууда. Аны депутат Дастан Бекешев демилгелеп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан