Алмазбек Атамбаев бир катар элчилерден Ишеним грамоталарын кабыл алды

Бүгүн, 22-январда президент Алмазбек Атамбаев Түркия, Швейцария, Жаңы Зеландия жана Бангладештин Кыргызстандагы элчилеринен Ишеним грамоталарын кабыл алды.
 

Мамлекет башчы дипломатиялык миссия башчыларын элчилик кызматынын расмий башталышы менен куттуктап азыркы учурда өлкөбүздүн тышкы саясаттагы негизги приоритети дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен конструктивдүү жана ырааттуу өнөктөштүктү өнүктүрүү”,- деди.

Түркия менен кызматташтык тууралуу кеп кылган Атамбаев саясий-дипломатиялык жана бизнес чөйрөсүндөгү байланыштар эки тараптуу негизде да, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешин кошо камтыган регионалдык уюмдардын алкагында дагы активдешип жаткандыгы байкалат,”- дейт.

Швейцариянын элчисине кайрылып, Кыргызстан кыргыз-швейцариялык кызматташуусунда соода-экономикалык тармакка жана маданий-гуманитардык чөйрөгө өзгөчө басым жасаарын айтты президент. Жаңы Зеландия элчисине: “эки тараптуу негизде да, эл аралык уюмдардын  алкагында дагы өнөктөштүктү ар тараптуу чыңдоого даярбыз”,- деди. Президент Бангладеш менен кызматташууну кеңейтүүгө даяр экендигин да белгиледи.

Салтанатты жыйынтыктап жатып президент “ардактуу жана жооптуу милдетиңиздерди аткарууда кыргызстандык кесиптештериңердин колдоосуна толук ишенсеңиздер болот. Кең пейил жакшы элибиз бар. Өлкөбүздүн ажайып жаратылышы менен жакындан таанышып, Кыргызстанды биз сыяктуу эле ардактап, урматташыңарга тилектешмин”,- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан