Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Эрлан Сапарбаевдин ордуна "Ар-намыс" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Абдырахман Маматалиевдин уулу Марлен Маматалиевдин келүүсүнө аракеттер көрүлүп жатыптыр. Эске салсак, 17-январь күнү "Ар-намыс" фракциясы өз жыйынында Мамлекеттик каттоо кызматынын ишмердүүлүгү тууралуу маселени карап чыгып, анын төрагасы Эрлан Сапарбаевди кызматынан чакырып алуу сунушун фракция лидери Феликс Кулов айтып берген. Бирок Эрлан Сапарбаев Мамлекеттик каттоо кызматын дале жетектөөдө.