Бүгүн, 22-январда Коомдук саясат институтунда “2014-жылга карата тобокелдер”
аттуу тегерек стол өтүүдө. Анда КРнын Илимдер академиясынын алдындагы география
бөлүмүнүн башчысы Саламат Аманов Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек
ара маселелерин чечүү керектигин, буга чейин эки мамлекеттин
өкмөттөрүнүн ортосунда 8 жыйын болуп, бирок маселелер чечилбей келгенин айтты.
“2013-жылы
январь-октябрь айларында Кыргызстандагы чек араларында чыккан чыр-чатактын саны
41ге жеткен жана алар адамдын өмүрүнө
кол салуулар менен коштолгон. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы январда
болуп өткөн окуяга жерлердин өз учурунда такталбай калганы себеп болду. Эки тараптын
бири-биринин күнөөлөшү, сууларды колдонуу, жерлерди мыйзамсыз пайдалануу боюнча
келип чыккан маселелер эки элдин кызыкчылыгына тең жооп бере тургандай чечилиши
керек”,- деди ал өз сөзүндө.