Өкмөт жооп берет:  Орусиядагы Кыргызстандын элчилиги кандай иштерди жасайт?

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.

Суроо: - КРнын Орусия Федерациясындагы элчилиги иштейби? Эгер иштесе, кандай иштерди жасайт? Кыргызстандын жарандары элчиликтен эмнелерди талап кылыша алат? Суроо калтырган  meerimka86

 Жооп: - Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги иштейт. Ал Кыргызстанда иштеп жаткан бардык мыйзамдардын чегинде иштерди аткарат. Мисалы, паспортуңуздун мөөнөтү бүтүп калса, кайрадан жаңы паспортко алмаштырууга документ тапшырсаңыз болот. Ошондой эле жаңы төрөлгөн балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана жаңы үйлөнгөн жаштар нике күбөлүгүн ала алышат. Мындан тышкары элчиликте нотариалдык иш-аракеттер жүргүзүлөт. Юридикалык жана укуктук консультацияларды алууга болот.

Суроого Тышкы иштер министрлигинен жооп беришти.

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан