Валентин Богатырев: “Оппозиция бийликтен ката табуу менен алектенип жатат”

Бүгүн, 22-январда Коомдук саясат институтунда “2014-жылга карата тобокелдер” аттуу тегерек стол өтүүдө. Анда “Перспектива” аналитикалык консорциумдун жетекчиси Валентин Богатырев азыркы күндөгү саясий кырдаал тууралуу оюн билдирди.
“Саясий элитаны алмаштыруу маселеси да орчундуу болуп эсептелет. Жогорку кызматта отургандардын кээ бирлери өздөрү сүйлөп жаткан нерсени түшүнүшпөйт. Саясий партиялар өздөрү кадрлар саясатын жакшы жүргүзө алышпай жатат. Бүгүнкү күндө мурунку партиялардын да, жаштардан түзүлгөн партиялардын да өкүлдөрүн саясий аренада көрүүгө болот”,- деди ал. Мындан сырткары оппозициянын ишмердүүлүгүнө токтолду.
"Биздин өлкөдө "оппозиция бийликти өзгөрттү" деп айтууга болбойт. Оппозиция көпчүлүк учурда бийликтин катасын көрүп, ошонун негизинде иш алып барууга болот. Тилекке каршы, Атамбаев ката кетирбей жатат. Өкмөттөн коррупциялык иштерди издеп, бийликти кетирүү менен кызмат ордун алууга кызыккандар жок эмес",- деп кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан