Бүгүн, 22-январда ОшМУда КРнын вице-премьер-министри, билим жана илим министри жана Кыргызстандагы ЖОЖдордун ректорлору катышкан жыйын өтүүдө. Жыйында билим берүү жана илим министри Канат Садыков "жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүү менен биз коррупциялык схемага бөгөт коюп келе жатабыз. Бирок ушуну менен бирге коррупцияга толугу менен чекит койдук деп айтуудан алысмын.
Жасалган иштер боюнча айтсам, канчалык деңгээлде жасалып жаткандыгын өзүңөр билесиңер. Ачыгын айтыш керек, мындан 3 жыл мурун Ош мамлекеттик университети коррупцияга малынган окуу жайлардын катарын толуктачу. Азыр ал нерседен бир аз болсо да арылганга жетиштик" деди.