Жогорку Кеңешинин депутаты Жылдыз Жолдошова мурунку айдоочусу Бакыт Турдакуновдун жумуштан айдалгандыгы боюнча ЖКнын унаа башкармалыгына эч кандай кысым көрсөткөн эмес. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда Жылдыз Жолдошованын юридикалык өкүлү Мелис Адиев журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, депутат Жылдыз Жолдошова парламенттин депутаттары жол кырсыктарга учурабасын деп төрага Асылбек Жээнбековго кат жөнөткөн. “Айдоочуну кызматтан алууга депутаттын укугу жок. Бул маселе боюнча Жогорку Кеңештин унаа башкармалыгы иштейт”,- деп Мелис Адиев түшүндүрдү.
Эскерте кетсек, бүгүн, 22-январда депутат Жылдыз Жолдошованын мурунку айдоочусу Бакыт Турдакунов иштен мыйзамсыз айдалгандыгын айтып чыккан.