19-январь күнү саат 19:40 чамасында Ош-Бишкек унаа жолунда Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында жол кырсыгы катталды. Анда ошол эле айылдын тургунун, 1968-жылы туулган И.Сны белгисиз бирөө машинасы менен сүзүп кетип, анын кесепетинен жабырлануучу окуя болгон жерде каза тапты. Ал эми айдоочу из жашырып кеткен. Бул маалымат тууралуу бүгүн, 22-январда Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Мартбек Зикиров билдирди.
"Окуя болгон жерде Опель үлгүсүндөгү күмүш түстүү автоунаанын тетиктеринин сыныктары калыптыр. Бул кырсыкты көргөндөр болсо, Кара-Суу РИИББине же (0777) 075544, (0552) 116190 номурларына чалып кабарлап коюуңуздарды суранабыз. Маалымат бергендердин аты-жөнүнүн сыр боюнча калышына кепилдик берилет жана ага сүйүнчү ыйгарылат",- деп кошумчалады Мартбек Зикиров.