Жогорку Кеңеште бүгүн, 22-январда чиновниктерге кылмыш ишин козгоого башкы прокурордон башка эч кимге укук бербей турган мыйзам долбоору кабыл алынды. Депутат Исмаил Исаков сунуштаган бул мыйзамга ылайык, депутаттарга жана башка саясий кызматтагы адамдарга эми башкы прокурордун орун басары, башкы прокурордун милдетин аткаруучу кылмыш ишин козгой албайт.
Мыйзам долбоору бүгүн кызуу талаш-тартыш жаратты.
Каршы болгондор "башкы прокурор 4 айга чейин ооруп жумушка чыкпай калышы мүмкүн. Мындайда айыптуу адамга кылмыш ишинин козголбой токтоп калышы туура эмес. Анын ордуна иштеп жаткан адамга укук бериш керек" деп чыгышты. Бирок буга демилгечилер макул болгон жок. Айрымдар "прокурор ооруса 1-2 апта жумушка чыкпайт. Бул убакытта эч нерсе деле өзгөрүп кетпейт" дешти. Добуш берүүдө мыйзам долбоору колдоо тапты.
Өз учурунда Исмаил Исаков мурдагы депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовго башкы прокурордун орун басарынын кылмыш ишин козгошу туура эмес болгонун билдирди.