Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2014-жылга түзүлгөн долбоору жана 2015-2016-жылдарга болжолу шаардык кеңештин кароосуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоор боюнча ушул жылга шаардык бюджеттин киреше бөлүгүндө 335733,2 миң сом түшүшү күтүлүүдө. Анын ичинен атайын төлөмдөрдөн түшүүчү кирешелер - 48 000 миң сом болууда. Ошондой эле киреше бөлүгүнүн мүмкүнчүлүгүнө ылайык чыгашалар 335 733,2 миң сомго түзүлүүдө.
«Негизинен үстүбүздөгү жылга коюлган иш-чаралар шаарыбыздын инфраструктурасын көтөрүүгө жана социалдык жактан өнүктүрүүгө багытталган»,- деп билдирди Жалал-Абад шаардык каржы башкармалыгынын башчысы Азамат Раматиллаев.