2013-жылы бюджеттик мекемелерге коммуналдык кызматтар үчүн 1 миллиард 622 миллион сом бөлүнгөн. Бул туурасында Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бөлүнгөн акча каражатынын 574,4 миллион сому электр энергиясына, 246,6 миллион сому жылуулук энергиясына, 36,9 миллион сому жаратылыш газына, калган каражаттар байланыш, суу жана башка коммуналдык кызматтарга жумшалган. Ошондой эле бюджеттик мекемелерге көмүр сатып алуу үчүн 146,8 миллион сом бөлүнгөн.