Депутаттар Чек ара кызматын түштүккө көчүрүүнү сунуштоодо
Жогорку Кеңеште бүгүн, 22-январда депутат
Тынчтык Шайназаров Мамлекеттик чек ара кызматын өлкөнүн түштүгүнө көчүрүүнү
сунуштады. Депутаттын айтымында, ушундай кадамга баруу зарыл.
“Чек араларда дайыма чыр-чатактар чыгууда. Акыркы окуяда атышуу болду.
Чек ара кызматы түштүктө жайгашканы туура. Жаңжал чыкса жетекчилер окуя болгон
жерге жөнөйт, бул ашыкча чыгым”,- дейт депутат.
Эскерте кетсек, 30-январда Баткендеги
чек ара чатагы боюнча Жогорку Кеңеште өкмөттүк күн өтөт.