Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун кызматтан кетиши мүмкүн деген божомолдорго парламенттин басма сөз кызматы жооп берди.
Маалыматка таянсак, төраганын кызматтан кетүүсү жөнүндө эч кандай маселе көтөрүлбөгөн жана расмий түрдө каралбаган.
Айта кетсек, парламенттин төрагасы учурда Түркияда мамлекеттик иш сапары менен жүрөт.