Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек боюнча УКМК башкармалыгынын башчысы Эльдар Жакыпбековдун кармалганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт.
"Бул маалымат туура эмес. Эльдар Жакыпбеков учурда өзүнүн иш ордунда жана өз функционалдык милдеттерин аткарууда", - деп жазылган маалыматта.
Буга чейин айрым ЖМКлар жана социалдык тармактарда Эльдар Жакыпбековдун кармалганы тууралуу кабарлар тараган.