Биз социалдык тармакта

Президенттик шайлоону эрте өткөрүүнү сунуштагандардын айрымдары суракта экени айтылууда

Президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү боюнча кайрылуу жасаган 75 адамдын айрымдары суракка алынып жатканын Кактус медиа күч түзүмдөрүндөгү булактарына таянып жазып чыкты.

Бүгүн, 11-февралда эртең менен милиция кызматкерлери алардын үйлөрүндө тинтүүлөрдү жүргүзгөнү айтылат. Бирок азырынча суракка алынып жаткандардын аты-жөндөрү тактала элек. ИИМ бул боюнча маалымат тарата элек.

Буга чейин коомдук ишмер Бекболот Талгарбековдун үйүндө тинтүү жүрүп жатканын жана ал өзү ИИМге алынып кеткени тууралуу маалымат чыккан. Талгарбеков да кайрылууга кол койгондордун бири.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан