2014-жылдын 22-январына карата электр энергиясынын суткалык керектөөсү 65,14 миллион киловатт саатты түздү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 2,4 миллион киловатт саатка көп. Бул туурасында КРнын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, эң жогорку керектелген кубаттуулук 2945 мегаватт. Бул көрсөткүч өткөн жылга караганда 82 мегаваттка жана белгиленген чектен 165 мегаваттка көп.