Биз социалдык тармакта

Орусияда WhatsApp мессенжерине толук түрдө чектөө киргизилди

Орусияда WhatsApp мессенжерине толук түрдө, ал эми Telegram мессенжерине жарым-жартылай чектөө киргизилди. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, учурда WhatsApp тиркемесинин домендери серверлерден толук өчүрүлдү. Мындан улам жарандар тиркемеге VPN аркылуу гана кире алышат. Ал эми Telegram мессенжери азырынча иштеп жатат, бирок колдонмонун ылдамдыгы жана иштеши боюнча көптөгөн даттануулар бар.

Буга чейин Телеграм мессенжеринин негиздөөчүсү Павел Дуров Орусияда Телеграмга тыюу салуу боюнча билдирүүлөргө комментарий берип, жарандардын эркиндигин чектөө туура эмес экенин айткан болчу.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан