Биз социалдык тармакта

Apple Орусиядагы айрым жарандардын аккаунттарын себепсиз эле бөгөттөп салган 

Apple компаниясы Орусиядагы миңдеген жарандардын Apple ID аккаунттарын себепсиз эле бөгөттөп салган. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазууда.

Андагы маалыматтарга ылайык, мындай бөгөттөөлөргө АКШнын жана Евробиримдиктин санкцияларынын тизмесиндеги адамдардын аты менен дал келиши себеп болгон. Өчүрүүлөргө акыркы күндөрдө 10 миңге жакын жаран туш болгон. Алар өз аккаунттарына кирүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырашкан жана App Store тиркемесинин жаңы колдонуучу тиркемелерди көчүрө албай калышкан.

Ал эми кайрадан кирүү мүмкүнчүлүгүн калыбына келтирүү үчүн америкалык компания паспорттун же башка документтин көчүрмөсүн жүктөөнү талап кылган. Бирок учурда бөгөттөлгөн аккаунттар калыбына келтириле элек экени маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан