Биз социалдык тармакта

Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды

Бүгүн, 12-февралда Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиевди парламенттин төрагасы кылып шайлашты.

Добуш берүү жашыруун өтүп, ага 83 эл өкүлү катышты. Жыйынтыгында 77 депутат "макул", 5 эл өкүлү "каршы" добуш беришти. 1 бюллетень жараксыз деп табылды.

Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.

Ал төрагалыкка көрсөтүлгөн жалгыз талапкер болду. Анткени спикерликке парламенттеги 5 депутаттык топ тең Марлен Маматалиевдин талапкерлигин сунушташты.

Айта кетсек, бүгүнкү отурумда Нурланбек Тургунбек уулу парламенттеги төрагалык кызматын тапшырып берди.

Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп дайындалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан