Асылбек Жээнбеков: "Оор кылмыштарды кечирбөө боюнча мыйзам долбоору кайра добушка коюлат"

"Оор кылмыштардын эскирүү мөөнөтүн алып салуу тууралуу мыйзам долбоору кайрадан добушка коюлат",- деп билдирди төрага Асылбек Жээнбеков ЖКнын 23-январдагы жыйынында. Айтымында, мыйзам долбоору боюнча комитеттин чечими колуна тийди.

"Кечинде комитеттин чечимин алдым. Мындан сырткары 6 депутаттан кайрылуу түштү. Мыйзам долбоорунун тагдырын кайрадан добушка коюуда өзүңөр чечесиңер",- деди Жээнбеков.  

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңеште 15-январда "мамлекеттик чыккынчылык", "коррупция" жана "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айыпталган адамды кайсы убакыт болбосун, жоопко тартууга мүмкүнчүлүк бере турган мыйзам долбоорду депутаттар колдобой коюшкан. Бирок эртеси көпчүлүк депутаттар ордуна башка депутат добуш бергенин, мыйзам долбоорун кайра добушка коюуну айтып чыгышкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан