Депутат Бакыт Төрөбаев Жалал-Абад шаардык сотунун ишине нааразы

Жогорку Кеңештин 23-январдагы жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев сот системиндеги баш аламандыктарды айтып чыкты. Депутат Украинадагы бир көрүнүштү мисал келтирди. "Украинада жакында жаңы мыйзам чыгып, ага президент кол койду. Бирок Львов шаарынын мэри бул мыйзамга баш ийбей турганын жар салды. Бул мамлекеттин оор абалга кептелгени. Мындай көрүнүш бизде да башталууда. Жогорку Соттун чечимин Жалал-Абад шаардык соту жокко чыгарып жатат. Бул эмне дегендик? Анда бизге Жогорку Соттун эмне кереги бар? Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы бир арыз боюнча эки чечим чыгарып жатат",- деди депутат. 

Төрөбаев жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо да мыйзамдар иштебей жатканын айтты. "Аймактык шайлоо комиссиясы боюнча мыйзам Ошто иштейт, Жалал-Абадда иштебейт. Бир партияга мыйзам иштейт, башка партияга тиешеси жок. Муну иретке салбаса болбойт",- дейт депутат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан