Украина. Виталий Кличко: “Майданда" мушташыш керек болсо, мушташам”

Украиналык УДАР партиясынын лидери Виталий Кличко "Майданда" чогулган эл көргөн күндү көрүүгө, мушташыш керек болсо мушташка барарын айтты. Бул тууралуу кечээ, 22-январда украиналык маалымат булактары кабарлады.

Маалыматка ылайык, ал "Майданга" чогулган элдин алдына чыгып, бийлик өкүлдөрү митингге чыккан элди күчтөп таратканга аракет көрсө да, алар кетпесин билдирди. “Эгер президент биздин үнүбүздү укпаса, эртең биз ага күч колдонууга барабыз. Билем, учурда президент бизди теле аркылуу көрүп жатат. Анда бул суроону чечүү мүмкүнчүлүгү бар. Мөөнөтүнөн мурда шайлоо уюштуруу менен ал кырдаалды жөндөй алат. Биз буга жетүү үчүн баарын кылабыз”,- деп билдирди ал.  

Андан тышкары экс-мушкер митингчилердин коопсуздугун алдын алуу үчүн колунан келген аракетин жасаарын билдирди. “Мен баарыңыздар менен биргемин. Туруш керек болсо, турам. Эгер мушташыш керек болсо, мушташам. Менден эл үмүт кылып жатат. Элдин ишенимин жана өлкөнүн кызыкчылыгын коргойм. Анткени мен дагы силер сыяктуу эле өнүккөн Европа өлкөсүндө жашагым келет”,- деди Виталий Кличко. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан