Бүгүн, 23-январда “Мамлекеттин коомчулук алдындагы отчёту жана жарандардын ачык башкарууга катышуусу” аттуу эл аралык конференцияда биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев “өкмөткө элдин ишеничи болмоюнча, экономиканы өнүктүрүп, жумуш орундары менен камсыз кыла албайбыз” деп билдирди.
Анын айтымында, өкмөт көпчүлүк министрликтерди аталган конференцияга катышууну айткан. "Биз үчүн коомдук институттардын пикири, жарандардын көз карашы маанилүү. Иш-чарага өкмөттүк эмес уюмдардын катышуусу - жакшы жышаан. Катышуучулардан жана коомдук байкоочу кеңештен конкреттүү сунуштарды күтөбүз. Адамзат менен унутуу деген сөз айкалышып жүрөт тура. 2010-жылы элдин ишеними жок болгон учурда тектоникалык кадамдар жасалганын унутуп баратабыз. 3 жыл аралыгында коомдук институттар менен бирге иш алып баруу боюнча тажрыйба топтодук. Биз өкмөт коомдук байкоочу кеңеш жана өкмөттүк эмес уюмдардын көмөктөшкөнүнө муктажбыз”,- деди ал.