Орусиядан келе жаткан Аксы районунун тургуну 1 айдан бери Өзбекстанда камакта жатат

Аксы районунун Асан Акматов аттуу тургуну 17-декабрдан бери белгисиз себептер менен Өзбекстанда камакта жатат. Муну Жогорку Кеңештин 23-январдагы жыйынында депутат Сайдулла Нышанов айтып чыкты. 

“1965-жылы туулган аталган жаран Орусиядан кайтып келе жатып Өзбекстанда камакка алынган. Себеби белгисиз. Муну Тышкы иштер министрлиги аркылуу тактап, анын туугандарына маалымат берип коюшубуз керек”,- деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан